Кызыктуу табышмактар

1. Түнкү саат 12 де жамгыр жаап жатса, 72 сааттан кийин асман чайыттай ачылып күн тийип калаар деп күтсөк болобу?

2. Кемпир качан кыз болот?

3. Эч качан болгон эмес.
жана болбойт дагы,
Бирок ал азыр бар. Эмне?

4. Бир бала болуптур. Ал ата-энесин жаман көрчү экен. Бир күнү ата-энеси баласына бир буюм сатып беришет. Ошол күндөн тартып бала ата-энесин жакшы көрүп калат. Эмне буюм сатып беришкен?

5. Шаар бар уйлор жок, дениз бар суусу жок, жолдор бар машиналар жок.
Бул эмне?

6. Алманын жарымы эмнеге окшойт?

Табышмактын жобун тапсаңар пикир жазган жерге жазып койсоңор болот, мисалы: 1- анан тапкан табышмактын жообу

Author: Шагзада Абдалимова

9 thoughts on “Кызыктуу табышмактар

  1. 5-табышмактын жандырмагы:
    мунун жообу мурзо болот.

    себеби: а) шаар бар уйлору жок – бар бул адам жашагандай эле ал жакта да коп адам бар бирок шаарга окшоп жер устундо тамдар курулган эмес а жер астында ошол себептен жокко эсе башкача айтканда тирилик жок шаардагы ызы-чуудай болгон;
    б) дениз бар суусу жок – бул ошол жерге келип жоктоп ыйлаган адамдардын коз жашын чогулта келсе кол болмок бирок жерге синип жок болгон;
    в)а жолдор бар машина жок – бул болсо ошол жерде жаткан жана келип жоктоп кеткен инсандардын ойлору тилектери бирге болгон бир убактарда а алар ажырагандан кийин кулук ойлор менен жол журуп бирок ишке ашпай калган учун кала берген бул биринчиден а экинчиден болсо ар келген адам ой кыялында жоготкон адамын жок дегенде бир коруп алгысы келет пендечилик кылып жана анын жол жобосун билет бирок максатына жетиш учун тируулук уруксат бербейт.
    менин жообум ушундай тушундурмосу менен болду Жейренче чечендин чечмелоо тартибиндеги нукка ылайык жана туура деп ойлойм кыска чоркок болгончо.Сиздерден жооп кутом бул соболума.

  2. 1-жок 72сааттан кийин кайра эле тун болот
    2-кемпир торкунуно келгенде кыз болот
    3—
    4-коз айнек сатып бергенде жакшы коруп калды
    5-карта
    6-алманын жарымы, экинчи жарымына окшош

  3. Т а б ы ш м а к.

    Бир киши камалат экен, камакка кирсе түрмөнүн паханы ал кишиге мындай дептир: “Мен бир табышмак айтам, тапсаң камактан бошотуласың” дейт экен. Анын табышмагы мындайча эле: 9 тамгадан турат, акыркы 3 тамгасы “зор” деген сөз бирок, “телевизор” эмес. Бягы киши таппай жүрүп өзүнө берилген жазаны өтөп бүтүп үйүнө келсе, эшигинин алдында ошол нерсе туруптур. Аны көрүп, жүрөгү токтоп калыптыр.
    Ал нерсе баарыбыздын үйүбүздө болот экен. Тапкылачы анда ал эмне экенин?🤔🤔🤔

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *