Табышмак

Уйку көрбөй ойлор сага курчалып,
Сүрөтүңөн карайм улам суктанып.
Ойлорума каршылашкан күчтөр көп,
Сүйгөн жарым койчу андан куткарып….

Тынчызданам каршы пикир жаралган,
Экөөбүзгө бүлүк салган көп адам.
Табышмактуу тагдыр кимге буйрушун,
Көргөзөттүр сенин турмуш таразаң…..

Айтуу кыйын эртең чечим чыгарыш,
Керек билсек бүт баарына чыңалыш.
Кези келсе бизден бакыт качпастыр,
Жакшы ниет кыла бергин сураныч….

Энчилөөгө акым жоктур азыртан,
Канча бири сага көзүн артышкан.
Эң башкысы кылба мага кыянат,
А мен сени корком билип сатыштан….

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району
10.01.2016

Author: admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *